super.kg logo
  Саясат  

Президент футболду өнүктүрүү жөнүндө жарлыкка кол койду

 

Президент Садыр Жапаров “2024–2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Маалыматты өлкө башчынын администрациясынан маалымдашты.

Жарлыктын негизги максаты- калктын ар кандай катмарын футбол менен үзгүлтүксүз машыгууга массалык түрдө тартуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү. Ошондой эле футболчулардын чеберчилигин жогорулатуу, кесиптик футболду өнүктүрүү, жаштарды сергек жашоого умтулууга тарбиялоо болуп саналат.

"Өлкөдө футболду өнүктүрүү системалуу жана комплекстүү мамилени талап кылат. Ушуга байланыштуу жарлык менен Министрлер Кабинетине Кыргыз футбол союзу менен биргеликте 2024–2034-жылдарга Кыргызстанда футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасынын долбоорун даярдоо жана бекитүү тууралуу тапшырма каралган. Программаны иштеп чыгуу жана кабыл алуу бул чөйрөдөгү болгон көйгөйлөрдү оптималдуу чечүү болуп саналат.

Комплекстүү мамиле футболду өнүктүрүүнүн бардык аспекттерин эске алууга, тигил же бул иш-чаралардын артыкчылыгын аныктоого, мамлекеттик бийликтин аткаруу органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти бөлүштүрүүгө, коомдук уюмдардын, коммерциялык түзүмдөрдүн катышуусун кароого мүмкүндүк берет. Бул ыкма программалык иш-чараларды аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Программанын милдети болуп футболду өнүктүрүүгө байланышкан көйгөйлүү маселелерди чечүү, коомдун турмушунда футболду активдүү жайылтууга көмөктөшүү, калктын ар кайсы катмарына спорт менен машыгуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу саналат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: