super.kg logo

Жетишип калыңыз. Салык декларациясын тапшырууга бир жума калды

 

Салык кызматы юридикалык жактар жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга бир жума убакыт калгандыгын эскертет.

Мекеменин маалыматына ылайык, 1-апрелге чейин төмөнкү кызматкерлер салык декларациясын тапшырышы керек:

* мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;

* ата мекендик уюмдар (анын ичинде юридикалык жакты түзүү менен дыйкан жана фермердик чарбалар);

* туруктуу мекеме түзүү менен өлкө аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар.

Мындан тышкары, 1-майга чейин салык декларациясын жеке жактар жана жеке ишкерлер тапшырууга милдеттүү. Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга административдик айып салынары кошумчаланды.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же сайттан алууга болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: