Бишкекте кыргыз-корея кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды




Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Кореянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджэ менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Анда тараптар кыргыз-корея кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулашты.
Маалыматка караганда, Касымалиев элчиге Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, ошондой эле президентинин администрациясына техникалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде элчи кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча долбоорлорду колдоого даяр экенин айтты. Жолугушуунун соңунда президентинин администрациясына техникалык жардам көрсөтүү Актысына кол коюу аземи болуп өттү.
