super.kg logo

Бишкекте этникалык кыргыздардын башын бириктирген иш-чара болуп өттү 

 

Бүгүн, 25-мартта Бишкек шаарында “Кыргыздын Манасы, адамзаттын айкөлү” аталышындагы конференция болуп өттү. Бул тууралуу "Этностан" маданий борборунан билдиришти.

Иш-чара Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгына жана Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусунун 70 жылдыгына арналып уюштурулган.

Аталган иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, президенттин администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кыял Жанузакова, президентке караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, илимпоздор, манасчылар, төкмө акындар, блогерлер, ошондой эле Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан жана түркиялык кыргыздардан атайын баяндамачылар жана өкүлдөр катышты.

Саамалыкта Улуттук "Манас" театрынын өнөрпоздору манас айтып, төкмөчүлүк өнөр тартуулашты. Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук комиссиянын төрагасы Мураталиев уюштуруучуларга ыраазылык билдирип, Улуттук комиссия тарабынан “Манас” эпосуна арналып чыгарылган китептерди белекке берди.

"Конференцияда Манас эпосу кеңири талкууланып, кылымдар бою кыргызды бириктирген эбегейсиз орду айтылды. Манас кыргыздын рухунун туу чокусу болсо, адамзаттын эбегейсиз маданий баалуулугу экени, аны татыктуу деңгээлде даңазалоо үчүн тиешелүү иштер аткарылышы керектиги белгиленди. Муну менен катар, этникалык кыргыздардын маданияты, Манас эпосун кантип сактап келе жатышканы тууралуу докладдар окулуп, тарыхы тууралуу маалыматтар берилип, учурдагы абалы жана келечеги жөнүндө талкуу болду" деп билдиришти уюштуруучулар.

Иш-чара "Этностан" маданий борбору тарабынан уюштурулган. Борбор 2021-жылы кытайлык кыргыз Каныбек Толкун уулунун демилгеси менен негизделген. Бирикменин максаты - маданий-гуманитардык байланыштарга көпүрө болуу жана этникалык кыргыздарды колдоо, маданиятын таанытуу, жайылтуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: