super.kg logo

"Мен жакка келе жатыптыр". "Крокуста" адамдарга жардам берген Рустам Бактыбеков окуя тууралуу айтып берди

 

32 жаштагы кыргызстандык Рустам Бактыбеков Москвадагы "Crocus City Hall" концерттик залында болгон теракттан жабыркагандарды куткарууга жардам берген.

Анын айтымында, ал "Крокус Сити Холлдо" иштечү. Рустам 2010-жылы Москвага окууга тапшыруу үчүн келип, ошол бойдон иштеп жүргөн. Рустам өзү Ысык-Көлдүн тургуну.

"Теракт болгон күнү жумушта болчумун. Өзүмдүн кесиптештеримди чыгарып, андан кийин залда жарадар болгондорго жардам берип жатканда бизди видеого тартып калышыптыр.

Ошол жерден биз адамдык милдетибизди аткардык жана жардам көрсөттүк. Мен кире бериштин маңдайында турчумун. Эң биринчи эле атылган окту укканда эч ким көңүл бурган эмес. Менин оюмча жөн эле бир нерсе жарылды деген ой болгон. Анын аркасында удаа-удаа аткыланган октон кийин эл жапырт кача баштады", - деди ал.

Ал ошондой эле өзү дагы жашынганын, террорчулардын бири ал жаткан жакка басып келе жатканда качканын айтты.

"Бир учурда башымды көтөрүп карасам атып жаткандардын бирөөсү мен жакка келе жатыптыр, жанымдагы чогуу иштеген адамдарды алып качууга туура келди", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: