super.kg logo

"Уктап жаткан карындаштарынын жынысын сүрөткө тартып...". Милиция 21 жаштагы жигитти кармады

 

Эл аралык издөөдө жүргөн 21 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, былтыр 3-майда шектүү жигит Кара-Балтадагы өз үйүндө 2013 жана 2014-жылы туулган карындаштары уктап жатканынан пайдаланып, ич кийимин чечип, уюлдук телефонуна жыныстык органдарын сүрөткө тартып алган. Мындан тышкары интернеттен ар кандай түрдөгү видеоматериалдарды да сактаган, анда балдардын катышуусу менен сексуалдык зомбулукка дуушар болгон бузукулук көрсөтүлгөн.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектүү 2003-жылы туулган Э.А. экендиги аныкталган. Ал Кыргызстандан чыгып кеткени такталган.

Ага карата кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинде (Ыплас аракеттер) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылып, шектүү издөөгө алынган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жаран шектүү жигит Орусиядан кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланган.

22-мартта ал сотко өткөрүлүп, ага карата Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 1 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: