super.kg logo

Жалал-Абадда ок атуучу курал жана окторду мыйзамсыз сактагандар аныкталды

 

Жалал-Абадда ок атуучу курал жана окторду мыйзамсыз сактагандар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан Базар-Коргон районунда экстремисттик материалдар боюнча ыкчам маалыматтар алынып, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремистик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 20-мартта Базар-Коргон районунун 1992-жылы туулган Т.О. аттуу тургунунун үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, 3 даана флешка, 8 даана диск, 1 кол телефон жана сайлуу “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу куралдын 4 даана огу табылып алынган.

ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу куралды Т.О. аттуу жарандын 1963-жылы туулган А.Т. аттуу атасы жайлоодо кой багып жүргөн учурда колдонгон. Ок атуучу куралды ага кой бактырган Ч.К. аттуу жаран берип турган. Жайлоодо колдонулбай калган 4 даана окту А.Т. сактап койгон", - деп айтылат маалыматта.

Көрсөтмөсүнүн негизинде Ч.К. аттуу жарандан эч кандай уруксат документи жок, номерлери өчүрүлгөн 1 даана сайлуу “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу куралы алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: