Баткен облусунун түзүлгөнүнө 25 жыл. Юбилейлик медалдын эскизин даярдоого конкурс жарыяланды
Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата юбилейлик медалдын эскизин даярдоого ачык конкурс жарыяланды. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү билдирди.
Эскиздин долбоорунда Баткен облусунун өзгөчөлүктөрү камтылуусу шарт.
Сынактын жеңүүчүлөрү атайын түзүлгөн комиссия тарабынан аныкталып, акчалай сыйлык менен сыйланышат.
1-орунга — 15 миң сом;
2-орунга — 10 миң сом;
3-орунга — 5 миң сом.
Эскерте кетсек, конкурс 25-апрелге чейин созулат. Даярдаган медалдарды президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Уюштуруу инспектордук, кадр иштери жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнө тапшыруу керек.
Дареги: Баткен шаары, Т.Садыков көчөсү – 1. Байланыш номери: 0(3622) 5-03-47, 0779389321.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.