Футбол: Кыргызстан-кытайлык Тайбэй оюнуна байланыштуу айрым көчөлөр жабылат
Бүгүн, 26-мартта Кыргызстан менен Кытайдын Тайбэй курама командаларынын футболдук беттешине байланыштуу Бишкекте эки көчө жабылат. Бул тууралуу ЖККББ билдирет.
Саат 14.00дөн тарта төмөнкү көчөлөр жабылат:
- Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Фрунзе көчөсүнүн Манас проспектинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кытайдын Тайбэй командасы менен оюн өткөрөт.
Белгилүү болгондой, оюн кечки саат 20:00дө башталат. Жолдор оюндан соң ачылат.
Буга чейин Кыргызстан кытайлык Тайбэй командасын 2:0 эсебинде утуп алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.