super.kg logo
  Саясат  

Кайра шайлоо: Ош округунан депутаттыкка талапкердин саны 3кө жетти

 

№7 Ош бир мандаттуу округунан депутаттыкка талапкер болууга үч киши арыз берди. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин Ош округунан талапкерлигин алгачкы жолу кечээ, 25-мартта Авазбек Абдугапаров көрсөткөн эле. Учурда аталган округдан депутат болууну каалагандардын саны үчкө жетти. Алар: Авазбек Абдугапаров, Абдивали Балтабаев, Максатбек Маматкулов.

Ошентип Жогоку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгондордун жалпы саны 23 адам болду.

  • №7 Ош бир мандаттуу округунан - 3 талапкер,
  • №2 Баткен бир мандаттуу округунан - 10 талапкер,
  • №9 Кара-Суу шайлоо округунан - 10 талапкер.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалган. Ал эми талапкерлерди көрсөтүү 28-мартта жыйынтыкталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: