super.kg logo

Мадумаровдун соту жабык эшик артында уланууда (видео) 

 

Бүгүн, 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун соту жабык эшик артында өтүүдө.

Жыйынга судья Мирбек Сатарбек уулу төрагалык кылууда. Буга чейин мамлекеттик айыптоочу сөз сүйлөгөнү маалымдалган. Бүгүн саясатчынын адвокаттары сөз сүйлөйт.

Мадумаров былтыр 2-сентябрда кармалган. Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда.

Кийинчерээк 2015-жылдагы парламенттик шайлоого байланыштуу депутаттын дарегине арыз жазылган. Анда Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран милицияга 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен айып тагылган.

Саясатчынын иши боюнча Биринчи Май райондук сотунда жумасына эки жолу соттук отурум өтүп жатат. Ушул күнгө чейин 40ка жакын адам күбө катары көрсөтмө берди






Биринчи май райондук соту 26.03.24

Биринчи май райондук соту 26.03.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: