super.kg logo
  Саясат  

“Кумтөр” ишканасынын дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводу ушул жылдын аягында ишке берилет

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токмок шаарындагы “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалым болгондой, “Калдыктарды акчага айландыруу” долбоорунун максаты – германиялык технологияны колдонуу менен ар кандай көлөмдөгү дөңгөлөктөрдү кайра калыбына келтирүү, жарактан чыккан дөңгөлөктөрдү алмаштырууга кеткен чыгымдарды азайтуу жана кирешенин жаңы булактарын түзүү аркылуу “Кумтөр Голд Компанинин” ишканасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, желим буюмдардан чыккан калдыктардын зыяндуу таасирин азайтуу.

Ага ылайык, учурда завод тесттик режимде иштеп жатат. Заводду толук ишке киргизүү ушул жылдын аягына пландаштырылган. Ишканада 200гө жакын адам иштейт жана саатына 2 тоннадан ашык эски дөңгөлөктөр кайра иштетилет. Долбоорду ишке ашырууга 19,2 милион доллар бөлүнгөн.

Өндүрүлгөн продукциялар Кыргызстанда гана сатылбастан, коңшу мамлекеттерге да экспорттолот.

"Завод жаш балдардын спорт аянтчаларын курууда колдонулуучу продукцияларды да чыгарууну пландаштырууда. Акылбек Жапаров мындай аянтчаларды өлкөдөгү мектептерге жана сейил бактарга орнотуу үчүн буйрутма берүүгө даяр экенин белгиледи", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: