Парламент 2014-жылга республикалык бюджеттин долбоорун 2-3-окууда жактырды
Парламент Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун 2 жана 3-окууда колдоп берди. Мындай чечим бүгүн, 19-декабрда парламенттин жалпы жыйынында кабыл алынды. Өлкөнүн эң негизги каржылык документин кароодо эл өкүлдөрү тарабынан бир топ сунуш пикирлер айтылды. Жыйынтыгында депутаттар Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун 2 жана 3-окууда колдоп беришти. Экинчи окууда бардыгы болуп 98 депутат каттоодон өтүп, 98 эл өкүлү "макул" деген добушун берди. Ал эми 3-окууда бир гана эл өкүлү каршы болду.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















