super.kg logo

Масалиев: "Мадумаровду айыптуу деп тапса, БШК берген буйрукту чуркап барып аткарат"

 

Камактагы саясатчы, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду депутаттык мандатынан ажыратуу аракети көрүлүүдө. Мындай пикирди бүгүн, 26-мартта анын партиялашы Исхак Масалиев билдирди.

"Айрымдар Мадумаровду күнөөсү далилденбесе да, кандай болгон күндө дагы күнөөлүү деп таап, "соттолгон" деп чыгарууга кызыкдар болууда. Эгерде соттор Мадумаровду айыптуу деп тапса, анда анын депутаттык мандатына байланыштуу маселе жаралат. Ошонун негизинде кийин Боршайком берген буйрукту чуркап барып аткарат да", - деди Масалиев.

Ошондой эле ал кылмыштын курамы жок экенин, болгон күндө да кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен улам, иш сотко жетпей эле кыскартылышы керек экендигин кошумчалады.

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Адахан Мадумаровдун соту уланууда.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар коюлган айып боюнча саясатчыны күнөөлүү деп таап, бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендиктен ишти кыскартууну өтүнүшкөнү маалым болгон.

Бүгүн жарыш сөз жактоочуларга берилет.

Андан соң Мадумаров соңку сөзүн айтса сот чечим чыгарышы мүмкүн.






Биринчи май райондук соту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: