super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы Чүйдөгү бир катар ишканалардын иши менен таанышты (сүрөттөр)

 

Бүгүн, 25-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарында бир катар өнөр жай ишканаларында болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров Токмок шаарындагы "Центр Азия Табак" тамеки продукцияларын, таякчаларды жана электрондук чылымдарды чыгаруучу ишканага барды. Ишкананы быйыл ишке киргизүү мерчемделүүдө. Андан чыгарылган продукция Кытай, Азия жана Араб өлкөлөрүнө экспорттолот. Заводдо 2 миң жумушчу орун түзүп, алгачкы капиталдык салым 100 миллион долларын түзөт. Келечекте капиталдык салымдардын жалпы көлөмү 500 миллион долларына жетери күтүлүүдө.

"Мындан тышкары ал, Кемин районундагы Терек-Таш клинкер чыгаруучу заводдун жана "Бурана Текстиль" текстиль фабрикасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул заводдорду куруу иштери быйыл аяктоо алдында турат.

Ошондой эле иш сапарынын алкагында "Үмүт и К" сүт азыктарын жана макарон азыктарын чыгаруучу заводго барды. Анда 300гө жакын адам иштери маалым болду. Учурда бул жерде жашылчаларды кайра иштетүүчү цехтин жана 40 миң тонналык картошка сактоочу комплекстин курулушу жүрүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы ишканаларды ишке киргизүүгө көмөктөшүү, ишмердүүлүгүн колдоо боюнча бир катар тапшырмаларды бергени кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: