super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Беларустун Кыргызстандагы элчисин кабыл алды 

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-мартта Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчкону анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы Андрей Страчконун дипломатиялык миссиясы учурунда Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы эки тараптуу мамилелердин динамикасы кыйла активдешкенин канааттануу менен белгиледи.

"Президент Беларустун Элчиси өлкөдө болгон 7 жылдын ичинде Кыргызстандагы олуттуу өзгөрүүлөргө, түздөн-түз элдин бакубаттуулугун камсыздоого багытталган саясий жана социалдык-экономикалык реформаларга күбө болгонун белгиледи.

Садыр Жапаров өзгөрүүлөр багытын улантуунун алкагында өнөр жай секторун өнүктүрүү мамлекеттин саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенине өзгөчө басым жасады. Бул жагынан алып караганда биргелешкен өнөр жай долбоорлорун ишке ашырууда зор потенциал көрүнүп турат, алар боюнча Беларустун бай тажрыйбасы бар. Ал эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн ишке ашырылбаган потенциалын толугу менен пайдалануу зарылдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Элчи Андрей Страчко Президент Садыр Жапаровго жолугушуу мүмкүнчүлүгү жана кыргыз тарапка өз милдеттерин аткарууда колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Элчи 2017-жылдан тартып Кыргызстанда болгон мезгилде өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү дээрлик 2,5 эсеге өскөнүн канааттануу менен белгилеп, кыргыз экспортунун өсүү темпи жогору экенин айтты.

Ошону менен бирге Андрей Страчко Беларусь тарап Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөргө тыкыр көз салып турганын жана өлкө тандап алган, элдин кызыкчылыгына жооп берген өнүгүү жолу улана берет деп үмүттөнөрүн билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун аягында Садыр Жапаров Андрей Страчкого алдыдагы жаңы мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: