super.kg logo

"Апа, экини төрөсөң болмок дечү". Алишер Касимовдун апасы сотто ыйлап билдирүү жасады (видео)

 

"Крокус Ситидеги" терактка шектелип кармалган Алишер Касимовдун апасы сотто уулу мындай ишти жасабай турганын айтып ыйлады.

Анын айтымында, уулу Алишер Касимов күнү бою иштечү жана террорчулар жайгашкан делген батирди ипотекага алып, төлөп жүргөн.

"Эмне деп сөз айтаарымды билбейм, үйүндө үч баласы калды. Ал батирди ипотекага алган. Менин уулум андай адам эмес, ал күнү бою иштечү. Ал мага "Апа, эки уул төрөсөңүз болмок, ал мага жардам бермек, мен чарчадым" деп айтчу", - деди көзүнө жаш алган Алишер Касимовдун апасы.

Кечээ, 26-мартта "Крокустагы" терактка шектелип сегизинчи адам кармалган. Ал Кыргызстанда туулган Орусиянын жараны Алишер Касимов болгон. Касимов террорчуларга ижарага батир берген. Ал сотто "Крокустагы" теракт тууралуу билбегенин айткан. Сот аны 2 айга камакка алды.






Касимовдун апасы билдирүү жасады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: