super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров “Газпромбанк” АКнын төрагасынын орун басары менен биргелешкен долбоорлорду талкуулады 

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Газпромбанк” акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Алексей Матвеев баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда өкмөт башчы 22-мартта көп сандагы адам курмандыктарына алып келген “Крокус Сити Холлдо” болгон трагедияга байланыштуу орусиялык делегацияга көңүл айтты.

Тараптар республиканын энергетика, жол куруу, мамлекеттик сатып алуулар, банктык коштоо, лизингдик кызмат көрсөтүүлөр жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү инфраструктуралык долбоорлорун каржылоо маселелерин талкуулашты.

Жапаров бул жолугушуу Кыргызстан менен “Газпромбанктын” мындан аркы эффективдүү өз ара аракеттенүүсүнө кошумча түрткү берерин белгилеп, эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө башка инструменттерди киргизүүгө даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде Алексей Матвеев биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө токтолуп, банктык коштоо жана лизингдик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү учурларга өзгөчө көңүл бурду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: