Президенттин басма сөз катчысы шылуундар анын атын пайдаланып жатканын айтты



Шылуундар менин атымдан акча чогултуп жатышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, шылуундар анын атынан мамлекеттик кызматкерлерге телефон чалып, ар кандай керектүү техникалар алынганын айтып, бажы төлөмдөрүн терминал аркылуу төлөөнү талап кылышкан.
Мындан тышкары "Дагы эле менин атымдан шылуундар биринчи айым Айгүл Жапарованын иш-чараларын уюштуруу үчүн акча чогултуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар түшүүдө", - деп жазды ал.
Ошондой эле Алагөзов басма сөз катчынын милдетине мындай акча чогултуулар кирбестигин белгилеп, жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.