Алымкадыр Бейшеналиев депутат Коргонбай уулуна алгач бир сом доо коймокчу болгонун айтты

"Мен бир сом доо коёюн дегем, жактоочум болбой 10 миң сом деп жазып коюптур. Ал ошону менен өзүнүн сөзү канчалык кадырланып, кадыр-баркы канчалык экенин түшүнсүн дегем. Мен анын деңгээлин бир сомго баалайм", - деди Бейшеналиев.
Ошондой эле ал SUPER.KG порталына депутатты эмне үчүн сотко бергенин айтып берди. Министр 14-мартта парламентте Коргонбай уулу сүйлөгөн сөзүндө анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргенин айтып, аларга кыскача токтолду.
Эске салсак, 14-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп сындаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.