super.kg logo

Эмгек министрлиги менен ЮНИСЕФтин эки жылдык кызматташуу планына кол коюлду

 

Бүгүн, 27-мартта эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Кристина Бружиоло эки жылдык (2024-2025-жылдарга карата) иш планына кол коюшту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

"Биздин өнөктөштүк балдардын жашоосун жакшыртуу жана оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча жалпы максаттарга жетүүдө негизги ролду ойнойт. Биргелешип иштөө бизге бардык балдардын билим алуусуна, саламаттыкты сактоого жана социалдык тейлөөгө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган эң натыйжалуу стратегияларды жана саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Биз балдарга карата зомбулукка жана аларды эксплуатациялоого каршы күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл бурабыз. Биздин өлкө зомбулуктун алдын алуу жана балдардын укуктарын коргоо боюнча мыйзамдык базаны жана механизмдерди чыңдоо боюнча жигердүү иштеп жатат", - деп белгиледи Баатырова.

Жолугушууда Кыргызстан ЮНИСЕФ менен узак мөөнөттүү кызматташууга умтулуп, балдар үчүн жакшы келечекти түзүү үчүн биргелешкен аракеттерге даяр экени айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: