Кочкор-Атада атасын кармоо учурунда баласы спецназды секирип келип тепти (видео)
Видеодон спецназдар эл арасында жарандын колун кайрып жатканын жана ошол убакта бир жигит күч кызматкерлерин секирип тепкенин көрүүгө болот.
Милицияга жеке коопсуздук кызматкери таш, кирпич ыргытып, таяк менен сабаган 6 жаранга чара көрүүнү суранып кайрылган.
Ага ылайык, бейбаштыкка шектелген 40 жаштагы жаран тергөөчүгө чакырылганда барган эмес. Ал кечээ, 27-мартта кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ал эми милиция күч кызматкерлерин тепкен жаран кармалган адамдын 18 жаштагы уулу экендигин тастыктады.
Кочкор-Атада атасын кармоо учурунда баласы күч кызматкерлерин секирип келип тепти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.