Бишкекте шектүү чөнтөкчү кармалды
Бишкекте коомдук транспортто чөнтөк уурулук жасаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-февралда милицияга Б.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү коомдук транспортто кетип бара жатып, күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 62 миң сомдук IphoneXR үлгүсүндөгү телефонун уурдатканын айткан.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2001-жылы туулган О.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал мурда ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон.
Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.