super.kg logo

"Эки бир туугандын талашынан улам...". Кочкор-Атадагы жаңжал эмнеден улам башталганы белгилүү болду

 

Кочкор-Атада базардагы жаңжал эки бир туугандын талашынан улам келип чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка караганда, бир туугандар базарды талашып жаткан. Алардын бири жеке күзөт кызматын жалдап, базарга эч кимди киргизбей турууну тапшырган. Ал арада базардагы контейнердин ээлери ичине кирмекчи болуп чыр чыгарышкан.

Милиция буга чейин жаңжал учурунда алты жаран жеке күзөт кызматынын кызматкерлерин таш, таяктар менен сабоого алганын, алардын бири чара көрүүнү өтүнүп арыз жазганын маалымдаган.

Ал эми коомчулукта резонанс жараткан видео суракка келбей жүргөн шектүүлөрдүн бирин кармоо учурунда тартылган.






Жеке күзөт кызматынын кызматкерине 6 жаран кол көтөргөн учур (4-март).

Милиция шектүүлөрдүн бири Н.С.ны кармаган учур (27-март)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: