super.kg logo

Баткенде экстремисттик материалдарды социалдык тармактар аркылуу тараткан эки адам кармалды

 

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык милициясы социалдык тармактарда диний экстремисттик жана террористтик уюмдун материалдарын таратууга шектүү эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта SUPER.KG порталына облустун ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Тийиштүү экспертизанын жыйынтыгында чогултулган материалдар Кыргызстанда тыюу салынган “Өзбекстан Ислам Кыймылы” уюмуна таандык экени аныкталган. Кылмыш жаза кодексинин 332-беренесинин (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) боюнча иш козголуп, натыйжада кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын 32 жаштагы тургуну Н.А. кармалган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, шектүү 2021-жылы "террордук ишти каржылоо" беренесинин негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ошондой эле анын 34 жаштагы бир тууган эжеси Р.З 2013-жылы Сирияга кеткени маалым болгон.

Мындан тышкары социалдык тармактарда диний экстремисттик жана террористтик уюмдун материалдарын таратууга Кадамжай районунун 28 жаштагы тургуну дагы шек саналып кармалган. Ал өлкөдө тыюу салынган “Жамаат Ат-Таухид валь Жихад” уюмунун материалдарын таратканы аныкталган. Ага "экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп, соттук кароого жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: