super.kg logo

Бишкектеги катуу шамал: Мэр калаада өзгөчө кырдаал жарыялады

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борборго өзгөчө кырдаалды киргизүү тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, мэрдин төрагалыгы алдында ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамалдан жабыркаган №62 мектептин аймагында өзгөчө кырдаал боюнча штабдын көчмө жыйыны өттү.

"Борбор калаанын башчысы “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтомго ылайык, өзгөчө кырдаалды киргизүү тууралуу буйрукка кол койду. Бул токтомго ылайык шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрден ашкан учурда өзгөчө кырдаал режими киргизилет.

Кооптуу аймактарды – асылып турган чатырлар, кондицинерлер, чоң бутактар ж.б. изилдөө жана анын кесепеттерин аныктоо максатында райондук администрациялардан, муниципалдык инспекциядан жана коммуналдык кызматтардан турган мобилдик топтор уюштурулду" деп жазылат маалыматта.

Буга байланыштуу бардык шаардык кызматтар күчөтүлгөн режимге өттү. Мэр бардык жеткиликтүү коммуналдык кызматтарды жана атайын техниканы колдонууну тапшырды. Шаарды эртең таңга чейин иретке келтирүү зарыл.

Бишкек шаарынын мэриясынын Көзөмөл башкармалыгына социалдык объектилерде, чатырын шамал учуруп кеткен мектептерде, бала бакчаларда подряддык иштерди сапатсыз аткаруу фактыларын аныктоо боюнча комиссия түзүү тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: