Акылбек Жапаров "Куланак" ГЭСинин курулушунун жүрүшүн текшерди (фото)






Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар отун-энергетикалык объектилерди кыдырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Алсак, Министрлер кабинетинин башчысы Нарын районундагы "Куланак" ГЭСинин курулушу менен таанышты.
Объектиде 356 гектар аянтты түзгөн суу сактагычтын нугун тазалоо иштери жүргүзүлүп, гидротехникалык курулуштардын бардык участокторунда жер жумуштарынын көлөмүнүн жарымынан көбү бүткөрүлгөн, гидроэнергетика жана гидромеханикалык жабдуулар менен камсыздоо келишимдери Австриянын жана Түркиянын компаниялары менен түзүлгөн.
"Куланак" ГЭСин 2026-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.