super.kg logo
  Саясат  

"Аз айлык, кол көтөргөн бейтаптар...". Дарыгерлер депутаттарга көйгөйлөрүн айтышты

 

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Мирлан Самыйкожо жана Нилуфар Алимжанова 28-мартта Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өткөн мыйзам долбоорун талкуулоого арналган жыйынга катышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, коомдук талкууга Бишкек шаарындагы бейтапканалардын дарыгерлери, медициналык окуу жайлардын окутуучулары жана студенттери катышты.

Эл өкүлдөрү Жанар Акаев, Мирлан Самыйкожо, Акылбек Түмөнбаев, Жылдыз Садырбаева, Нилуфар Алимжанова дарыгерлерге кол салгандарга жазаны күчөтүүнү сунуштаган. Анда дарыгер жана мугалимдерди келекелеп, кол көтөргөндөрдү 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Жанар Акаев учурда дарыгерлерге карата зомбулук көрсөткөндөр жалпы мыйзам боюнча жазаланарын билдирди. Башкача айтканда, медицина кызматкерлери үчүн атайын берене каралган эмес.

Талкуу суроо-жооп иретинде өтүп, дарыгерлер айлык маянанын аздыгы, бейтаптар тарабынан кол салуу жана жумуш учурунда уруксатсыз кирген ар кандай блогерлер менен болгон көйгөйлөр тууралуу маселе козгошту.

Өз кезегинде эл өкүлдөрү жетиштүү эмес айлык акы менен оор шартта иштеп жаткан дарыгерлерди ар тараптуу колдоо жана коргоо максатында аталган мыйзам долбоору сунушталып жатканын айтып өтүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: