super.kg logo

"Крокустагы" теракт: СИЗОдогу эки шектүүнү Алишер Касимовдун үйүнө алып келишти

 

Кечээ, 28-март күнү түштөн кийин "Крокус Сити Холлдогу" терактка айыпталган эки адам тергөө абагынан мурунку жашаган жерине тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн алынып келинди. Бул тууралуу "Осторожно, новости" телеграм каналы жазды.

25 жаштагы Шамсидин Фаридуни менен 19 жаштагы Мухаммадсобир Файзов СИЗОдон батирди ижарага алган үйгө жеткирилген. Күбөлөрдүн айтымында, короодо көп сандагы күч түзүмдөрү болуп, алар аталган аймакты курчоого алышкан. 19 жаштагы Файзовду коляска менен алып келишкен.

Буга чейин террорчу делген адамдар батирди ижарага Кыргызстанда төрөлгөн Орусиянын жараны Алишер Касимовдон алганы белгилүү болгон. Ал сотто "Крокустагы" теракт тууралуу билбегенин айткан. Сот аны 2 айга камакка алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: