Бишкекте жол кырсыгынан 2 адам жабыркады








Бүгүн, 19-декабрда саат 20:00дөр чамасында Масалиев-Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Масалиев көчөсү менен катуу ылдамдыкта келе жаткан БМВ үлгүсүндөгү унаа Токтоналиев көчөсүнөн чыга калган Ниссан үлгүсүндөгү унааны сүзүп, окуя болгон жерден 40-50 метр өтүп барып араң токтогон. Жол кырсыгынын кесепетинен Ниссан унаасындагы жүргүнчү аял жаракат алып, аны "Тез жардам" кызматы алып кетти. Ал эми БМВдагы колу сынган жигит такси менен ооруканага жөнөтүлдү. Окуя болгон жерге Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери келип текшергенде БМВнын 17 жаштагы айдоочусунун айдоочулук күбөлүгү жок болуп чыкты.
Автор: Нургазы Аматов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

http://www.super.kg/kabar/news/44237/
http://www.super.kg/kabar/news/44143/
http://www.super.kg/kabar/news/44121/
http://www.super.kg/kabar/news/44111/