super.kg logo

Кара-Көлдө 44 жаштагы жаран таанышын сабап өлтүрүп алды

 

Кара-Көлдө адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-мартта саат 04:30 чамасында Кара-Көл ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө калаадагы үйлөрдүн биринде болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча маалымат келип түшкөн.

Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барган учурда денесинен алган жарааттары бар 47 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Кара-Көл шаарынын тургуну 1980-жылы туулган К.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү менен каза болгон жаран спирт ичимдигин ичип отуруп, сөз талаштан уруш чыгып, шектүү каза болгон жаранды уруп койгондугу белгилүү болгон.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Белгилей кетсек, эми анын күнөөсү далилденсе сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: