Токтогулда экстремисттик материалдарды таратып жүргөн жаран кармалды

Маалыматка ылайык, милицияга Токтогул районунда 44 жаштагы тургун экстремисттик материалдарды таратып жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесине (Экстремистик материалдарды даярдоо жана таратуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Жалал-Абад облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан "Экстремист" операциясы учурунда жогорудагы кылмыш ишинин бети ачылып, шектүү делген Токтогул районунун тургуну 1980-жылы туулган С.Р. кармалган. Текшерүүдө андан 1 даана уюлдук телефон, 8 даана диск жана "Фейсбук" аккаунтунан шек жараткан материалдар аныкталып, алынган.
Дайындалган дин таануу экспертизалардын корутундусуна ылайык, интернет тармагы аркылуу башкалар менен бөлүшкөн материалдар өлкө аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" уюмуна таандык материалдар экендиги, ал эми DVD дисктерде сот тарабынан тыюу салынган Александр Тихомировдун (Саид Бурятскийдин) үгүт материалдары экендиги такталган.
Убактылуу кармоочу жайга киргизилген шектүүнүн баш коргоо чарасы 28-мартта Токтогул райондук сотунда каралып, үй камагына чыгарылган.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.