super.kg logo

"Крокустагы" теракт: Шектүүлөрдүн биринин дагы бир үрөй учурган окуясы белгилүү болду

 

Москвадагы "Крокус Сити Холл" борборунда теракт уюштурууга шектелип кармалгандардын биринин жакындары анын өмүр баянынын чоо-жайын ачыктады. Кеп террорчулардын лидери болгон деп эсептелген 25 жаштагы Фаридуни Шамсидин жөнүндө болуп жатат.

Орусиянын Mash телеграм каналы шектүүнүн жакындары менен байланышкан. Анда жакындары Фаридуни Шамсидин мектепти 7-класска чейин гана окуганын айтып беришкен. Бирок токтоо бала болгон. Ал беш жыл (2015-жылдан 2020-жылга чейин) Вахдат шаарындагы абакта отурган. Ал 13 жаштагы баланы зордуктоого аракет кылганы айтылды.

Андан кийин Фаридуни Шамсидин аялы жана балдары менен Орусияга кеткен. Ал Москванын жанындагы Путилково айылында каттоодо турган жана ошол жерде жашаган.

Буга чейин Орусиянын Тергөө комитети Москвадагы "Крокус Сити Холл" борборундагы терактты Шамсидин Фаридуни жетектегенин аныктаган. Тергөө комитети аныктагандай, ал кураторлордон көрсөтмөлөрдү алып, калган террорчуларга маалымат берген. Ал ошондой эле чабуулдун планын даярдаганы аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: