super.kg logo

MEGA: Номериңди онлайн каттоодон өткөрүп, БОНУС катары 200 сом ал!

 

Кыргызстанда SIM-карталарды каттоонун жаңы эрежелери күчүнө кирди. Бул эрежелерди КР Министрлер Кабинети кабыл алган жана бардык мобилдик операторлор үчүн милдеттүү болуп саналат. Жаңы SIM-картаны сатып алганда номерди каттоодон өткөрүш керек, ал эми муну онлайн эле жасоого болот.

MEGA уюлдук байланыштын мамлекеттик операторунан MEGA24 мобилдик тиркемесинде каттоодон өтүүнүн жол-жобосу өтө жеңил. Катталгандан кийин абоненттерге 200 сом өлчөмүндөгү бонус берилет, аны байланыш кызматтарына төлөө үчүн пайдаланууга болот. Ошондой эле жаңы абоненттерге ыңгайлуу болсун деп, MEGA байланыш оператору MEGA24 мобилдик тиркемесин жүктөп алуу үчүн 1 ГБ интернетти белекке берет.

SIM-картаны кантип каттаса болот:

  • MEGA24 тиркемесине кир;
  • “Өтүү” деген салманы ач;
  • документтин түрүн танда;
  • паспорттун (ID картанын) алдыңкы жана арткы беттерин сүрөткө тарт;
  • селфи жаса;
  • киргизген маалыматтарды кунт коюп текшер;
  • келишим менен таанышып чык;
  • келишимге кол кой;
  • SMS менен келген кодду киргиз.

Болду, даяр!

MEGA бардык жарандарды каттоодон өтүүгө чакырат. Жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн SIM-картаны паспортко байлаш керек. Тактап айтканда, онлайн банкинг, электрондук почта, мессенжерлер, социалдык тармактардагы аккаунттар сыяктуу сервистерге катталып, кирүү үчүн номердин ээси аны паспортко байлоого тийиш.

Номерди каттоодөн өткөрүүнүн башка да артыкчылыктары бар:

  • ишенимдүүлүк үчүн (каттоо алдамчылыктан коргонуу үчүн кепилдик болуп берет);
  • телефонду жоготуп алсаң, номериңди ыкчам калыбына келтирсе болот;
  • телефон чалуулардын тизмеси берилет;
  • номерди убактылуу өчүрүп койсо болот (“Тынымга коюу” кызмат көрсөтүүсү).

MEGA менен номериңди сактап алып, дайыма байланышта бол!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: