super.kg logo

Предметтер боюнча улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды 

 

Бүгүн, 29-мартта мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын IV этабында жеңүүчү аталган 52 окуучу сыйланды. Бул жөнүндө Билим берүү жана илим министрлиги маалымат таратты.

Ага ылайык, сыйлоо аземине билим берүү жана илим министринин орун басарлары Муратбек Касымалиев жана Лира Самыкбаева, билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева катышып, жеңүүчүлөргө сертификат жана белектерди тапшырышты.

Министрдин орун басары Муратбек Касымалиев окуучуларды олимпиадага даярдаган мугалимдерге жана балдарына колдоо көрсөткөн ата-энелерге ыраазычылык билдирип, аларды жеңиши менен куттуктады.

26-27-март күндөрү Бишкек шаарында өткөн олимпиаданын республикалык этабында 323 окуучу 12 предмет боюнча ат салышты.

Жыйынтыгында:

  1. Бишкек шаары – 18 алдыңкы орун;
  2. Ош шаары – 8 алдыңкы орун;
  3. Нарын облусу – 6 алдыңкы орун;
  4. Жалал-Абад облусу – 5 алдыңкы орун;
  5. Чуй облусу – 4 алдыңкы орун;
  6. Ысык-Көл облусу – 4 алдыңкы орун;
  7. Баткен облусу – 4 алдыңкы орун;
  8. Ош облусу – 2 алдыңкы орун;
  9. Талас облусу – 1 алдыңкы орунга ээ болду.

Сыйлыкка ээ болгон окуучулардын тизмеси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: