super.kg logo

Акылбек Жапаров студенттерге лекция окуду (сүрөттөр)

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери жана профессордук-окутуучулук курамы үчүн лекцияларды өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Анда министрлер кабинетинин башчысы мейман лекцияларынын алкагында, өлкөдө каржы секторунда, фискалдык саясатта, энергетикада, транспортто, курулушта, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу жана Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу сыяктуу стратегиялык инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышы боюнча маалымат берди.

Иш-чаранын алкагында Акылбек Жапаров жолугушуунун катышуучуларынын суроолоруна жооп берип, ошондой эле окуу лабораторияларынын абалы менен таанышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: