super.kg logo

Президент Беш-Күңгөйдөгү футбол комплекси курулуучу жерге барды

 

Бүгүн, 30-мартта президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Беш-Күңгөй айылындагы футбол комплекси курулуучу жерге пландан тышкары барды. Бул жөнүндө президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Мамлекет башчысына комплекстин аймагында трибуналары бар толук көлөмдөгү футбол аянты, ошондой эле машыгуу аянтчасы жайгаша турганы маалымдалды.

Батыш трибунада фитнес залдары, кийим которуучу бөлмөлөр, сыйлуу коноктор үчүн зал, техникалык бөлмөлөр, баяндамачылар бөлмөсү жана конференц-зал болот.

Коммерциялык жана техникалык жайлар чыгыш трибунада жайгаштырылат. Жер тилкесинин жалпы аянты 1,94 гектар" деп жазган Алагөзов.

Президент комплекстин долбоору менен таанышып, келечектеги чемпиондорду даярдоого, жарандардын ден соолугун чыңдоого жана активдүү эс алууга шарт түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: