ӨКМ аба ырайына байланыштуу билдирүү таратты
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 1-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына кооптуу.
Ошондой эле 1-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашууларда кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлгөн акмактардын тизмеси:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;
- 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы Ала-Бел ашуусу;
- Мырза-Аке —Кара-Кулжа — Алайкуу 74-107 чакырымы;
- Ала –Бука – Каныш –Кыя– Кызыл-Адыр унаа жолунун 68-74, 86-101-чакырымдарында Чапчыма ашуусу;
- Кызыл-Бел —Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымы;
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымы, Чоң-Ашуу ашуусу.
Ага ылайык, жолдор тайгак болуп муз тоңот. ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.