super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандык кыз-келиндер таэквондо боюнча Дүйнө чемпиондугунда үчүнчү орунду ээледи

 

Бишкекте эркектер жана кыз-келиндер арасында сурдо таэквондо боюнча Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталды. Бул тууралуу сурдо спорт комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, мелдешке 14 өлкөдөн келген (Греция, Казакстан, Мексика, Өзбекстан, Украина жана башка) 120 спортчу катышкан.

Кыргызстандын улуттук курама командасы жалпы 11 медаль жеңди.

Эркектер арасында 1-орунду Түштүк Корея, 2-орунду Өзбекстан жана 3-орунду Казакстан командалары багындырды.

Анда 74 килограммга чейинки салмакта Азамат Мавлянов күмүш медалга ээ болду. Дильфат Именов (54 килограмм), Баястан Жеңишов (63 килограмм) жана Атай Азизбек уулу (80 килограмм) 3-орунду ээлешти.

Командалык эсепте кыз-келиндер арасында улуттук курама команда 3-орунду ээледи. 1-орунду Түштүк Корея, 2-орунду Хорватия өлкөсү ээледи.

Кыз-келиндер арасында Шахида Амирова 53 килограммга чейинки салмакта алтын, Асылхан Турдукулова (46 килограмм) жана Күнсулуу Олжобай кызы (53 килограмм) күмүш медалга ээ болушту. Айганыш Саржанова (46 килограмм), Гүлжан Жаналиева (49 килограмм), Бермет Марсбекова (57 килограмм) жана Сабина Карыбекова (62 килограмм) коло медалга татышты.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: