Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салган чектөө дагы 3 айга узартылды
Бишкекте митинг өткөрүүгө салынган тыюу чечими 30-июнга чейин узартылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 1-апрелде Биринчи май райондук сотунан тастыктады.
Маалыматка караганда, райондук сот Бишкектин Биринчи май администрациясынын тынч чогулуштарды өткөрүүнү чектөө тууралуу арызын 29-мартта карап, канааттандырган.
1-апрелден 30-июнга чейин митинг өткөрүүгө болбой турган жайлар:
- "Ала-Тоо" аянты;
- Эркиндик бульвары. Темир жолдон Чүй көчөсүнө чейин;
- Президенттик администрациянын жана Жогорку Кеңештин имаратынын айланасы;
- Панфилов паркы;
- Таттыбүбү Турсунбаева атындагы парк;
- Жогорку соттун алды;
- Орусиянын өлкөдөгү элчилигинин алды;
- УКМК имаратынын жаны.
Ар кандай акцияларды Максим Горький атындагы паркта гана өткөрүүгө уруксат берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.