super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Профсоюз көчөсү качан толук бүткөрүлөт?". Окурман суроосуна жооп алууну каалайт

 

ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган окурманыбыз Жибек Жолунун уландысы болгон Профсоюз көчөсүнүн курулушу бүтпөй жатканын айтып, тийиштүү министрликтен жооп алып берүүнү суранды.

"Бишкектеги Жибек Жолу көчөсүнүн уландысы болгон Профсоюз көчөсү качан толук бүткөрүлөт? Жолдун курулушу жарымына жетип токтоп калган, долбоор боюнча Бишкектин батышындагы айланма жолго кошулат деп айтылган. Ушул жол бүтсө шаарда тыгын азайып, элге да жакшы болот эле. Жылда эле быйыл бүтөт деп айтылып, аягына чыкпай жатат. Быйылкы планда барбы? ", - деди ал.

Окурмандын суроосуна жооп алуу үчүн SUPER.KG порталы Транспорт министрлигине байланышты.

Министрлик аталган долбоор быйылкы планга киргенин, жакын арада курушул иштери башталарын айтып, бул боюнча дагы кошумча маалымат берилерин билдирди. Ошондой эле министрлик жол тилкеси шаарга эмес, Сокулук районуна караштуу экенин кошумчалады.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: