super.kg logo

"Полицияны көрүп эле качып". "Крокустагы" терактка шектелип дагы бир тажикстандык жаран кармалды

 

Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" борборундагы терактка шектүү катары 10-адам кармалды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, терактка шектелип тажикстандык 25 жаштагы Якубжон Юсуфзода кармалган. Ал 25 жашта, үй-бүлөлүү. Орусияда курулушта иштеп келген. Тергөөнүн версиясы боюнча, Юсуфзода "Крокустагы" адамдарга кол салуудан кийин каражаттын бир бөлүгүн террорчулардын бирине которгон.

SHOT телеграм каналы жазгандай, 25-мартта Якубжони патрулдук унааны көрүп эле качкан. Шектенген полиция кызматкерлери аны кармаганда ал качуунун себебин миграциялык эрежелерди бузгандыгы менен түшүндүргөн. Анда ал террорчулар тууралуу ооз ачкан эмес.

Полицияга баш ийбегендиги үчүн ал 12 суткага камакка алынып, кийинчерээк "Крокуска" кол салган террорчулар менен байланышы ачыкка чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: