super.kg logo

MBANK Индонезияда түз корреспонденттик эсеп ачкан Кыргызстандагы биринчи банк болду

 

Түштүк-Чыгыш Азия аймагы менен мындан ары соода жана финансылык мамилелерди өнүктүрүү жана өз кардарларына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүү үчүн ААК «Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН» | MBANK Индонезиядагы эң ири банктардын биринде – CIMB Niaga Банкында түз корреспонденттик эсеп ачты.

"Биз кардарларыбызга эл аралык кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн сунуштоого кубанычтабыз. Корреспонденттик эсепти ачуу Индонезиядагы алуучуларга түз SWIFT которууларына, ошондой эле башка транзакцияларга, анын ичинде сооданы каржылоо жана валютаны конвертациялоого мүмкүндүк берет. Бул корреспонденттик эсептин ачылышы учурдагы жана жаңы кардарларыбыз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, ошол эле учурда Кыргызстандын рыногун CIMB Niaga Bank жана анын кардарлары сыяктуу ири каржы институтуна ачат деп ишенебиз", - деп белгилейт Бектур Алиев, MBANK Башкармасынын Төрагасы.

MBANK дүйнөнүн алдыңкы банктары менен кызматташууну активдүү өнүктүрүүдө жана ар кандай валюталардагы корреспонденттик эсептердин эл аралык кеңири тармагына ээ, анын ичинде кытай юаны, БАЭ дирхамдары жана бул корреспонденттик эсептин ачылышы менен – Индонезия рупиясы.

Жаңы мүмкүнчүлүктүн маанилүү артыкчылыгын колдонуңуз: банктын түз келишимдердин аркасында банк-корреспонденттердин бир гана чынжырчасы колдонулат жана акча каражаттарын которуунун ылдамдыгы кыйла тездейт.

MBANK аркылуу Индонезияга акча кантип которуу керек?

1.MBANK’ты ачыңыз жана «Төлөмдөр» бөлүмүнө өтүңүз

2. «Которуулар» → «SWIFT которуулар» тандаңыз

3. Сумманы киргизип, которуу валютасын тандаңыз жана банктык реквизиттерди көрсөтүңүз

Маалымат:

Банк CIMB Niaga Си Ай Эм Вэй тобуна кирет (акциялардын 91,5%) жана активдери боюнча Индонезияда бешинчи орунда турат. Индонезияда биринчи онлайн банкингди ишке ашырган жана банкоматтарды орноткон биринчи банк. Бүгүнкү күндө бизнес жана баалуу кагаздар менен операциялар PT CIMB Securities Indonesia аркылуу жүргүзүлөт. Регионалдык универсалдуу банк дүйнө жүзү боюнча 13 миллион кардары бар 15 өлкөдө иштейт, анын ичинде Индия, Кытай, АКШ жана Улуу Британия. Анын 1000ден ашык филиалдары жана АСЕАНдагы эң кеңири тейлөө тармагына ээ.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: