super.kg logo

"РСК Банк" БУУнун Глобалдык келишиминин SDG Ambition программасынан сертификат алды

 

«РСК Банк» БУУнун Глобалдык келишиминин (ГК) акселератору алкагында Туруктуу өнүктүрүү максаттарын (ТӨМ) интеграциялоодо ийгиликтүү аракеттери үчүн жетишкендик сертификатын алды.

Өткөн аптада Алматы шаарында БУУнун имаратында БУУнун Глобалдык келишиминин SDG Ambition Акселерациялык программасынын Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын жетишкендиги, туруктуу бизнес практикасын илгерилетүүдө инновациялык демилге боюнча жеңүүчүлөрдү салтанттуу сыйлоо иш-чарасы болуп өттү.

Салтанатка Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 30дан ашуун компания катышты.

БУУнун Глобалдык келишиминин тарыхында биринчи жолу Кыргызстанды эки компания көрсөттү. Мында «РСК Банк» БУУнун ГК жана SDG Акселерациялык программасынын мүчөсү болгон республиканын жалгыз каржы институту болуп саналат.

Белгилей кетсек, иш-чарада «РСК Банк» натыйжалуу максаттарды коюу боюнча долбоору менен сыймыкка ээ болду.

БУУнун Глобалдык келишиминин акселераторунун алкагында Туруктуу өнүктүрүү максаттарын (ТӨМ) интеграциялоодо ийгиликтүү аракеттери жана натыйжалуу максаттарды кое алгандыгы үчүн жетишкендик сертификаты тапшырылды.

Сертификатты тапшырып жатып, БУУнун Казакстан Республикасындагы Туруктуу координатору Микаэль Фриберг-Строй айым банктын туруктуу өнүгүү максаттарынын жол картасын иштеп чыгуудагы ишинин таасирдүү натыйжаларын белгилеп кетти.

Өз кезегинде, Казакстан Республикасындагы БУУнун Глобалдык келишиминин өлкө координатору Динара Сейжапарова “РСК Банктын” иш-аракеттери Кыргызстандагы туруктуу өнүгүү багытында анын лидер экендигинен кабар берерин кошумчалап кетти.

SDG Ambition – бул БУУнун эксперттери жана өнөктөштөрү тарабынан 17 Туруктуу өнүктүрүү максаттарын бизнес компаниялардын стратегиялык жана операциялык иш-аракетине интеграциялоону тездетүү үчүн атайын иштелип чыккан, алты айды камтыган билим берүү курсу.

Бул программа Борбор Азия өлкөлөрүндө биринчи жолу ишке ашырылды. Акселераторго Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 40 компаниянын 100дөн ашуун өкүлү катышты. Жыйынтыгында 31 компаниянын 62 өкүлү, анын ичинде, «РСК Банк» ААК окуудан ийгиликтүү өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: