Мигранттар кармалгандан кийин Махачкалада таштанды тоодой үйүлдү
Полиция Махачкала-1 муниципалдык бюджеттик мекемесинде (МБУ) иштеген мигранттарды кармагандан кийин Дагестандын борборунда таштанды көйгөйү жаралды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Чиновниктердин расмий билдирүүлөрүнө ылайык, аймактык оператор таштанды чыгарууда техникалык себептерден улам кыйынчылыктарга дуушар болгон. Ошол эле учурда "Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин чет элдик мигранттарды массалык түрдө текшерүүгө алгандан кийин кырдаал курчуп кеткенин мэриядагы булактар моюнга алышкан.
Акыркы жумаларда Махачкаладагы Орто Азиядан келген мигранттар массалык түрдө кете башташкан. Бул таштанды көйгөйүн ого бетер курчуткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.