super.kg logo

Тайванда акыркы 25 жылдагы эң күчтүү жер титирөө катталды

 

3-апрелге караган түнү очогу Тайвандын чыгыш жээгине жакын жайгашкан Окинавадан түштүк-батышта күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду. Аралдын борбордук метеорологиялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул Тайвандагы акыркы 25 жылдагы эң күчтүү жер титирөө болгонун ТАСС агенттиги жазды.

Ал эми айрым басылмалар жердин силкинүүсү 7,2 жана 7,4 балл болгонун жазышууда.

Жергиликтүү басылмалардын өрткө каршы кызматына шилтеме берүү менен билдиргенине караганда, кырсыктын кесепетинен каза болгондор жана жараат алгандар бар. Ошондой эле бир нече имараттын талкаланганы кабарланды.

Жер титирөөдөн кийин 87 миңден ашык үй-бүлө электр жарыгысыз калууда.

Ошол эле учурда жакынкы күндөрү Тайванда күчү 7 баллга жеткен жер титирөөлөр болушу мүмкүн экенин эскертилди.

Эскерте кетсек, 1999-жылы сентябрда Тайванда күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Ал 5 миңден ашык имаратты талкалап, 2400 адамдын өмүрүн алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: