Кыргызстан Ирандын Сириядагы консулдугуна жасалган ракеталык чабуулдарга тынчсыздануусун билдирди
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Сириянын Дамаск шаарында жайгашкан Ирандын консулдук мекемесине жасалган ракеталык чабуулдардан улам адам курмандыктарына алып келген окуяга байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди.
"Кыргыз Республикасы тараптарды эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чыр-чатакты чечүүгө чакырат", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, кечээ, 2-апрелде Сириянын борбору Дамаск шаарында Ирандын консулдугуна абадан сокку урулду. Анын кесепетинен окуя болгон жерде бир канча дипломат каза болгону кабарланган. Ал ортодо Иран бийлиги бул кол салууга Израилди айыптады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

Рейтинг:
0

