super.kg logo
  Саясат  

Коргонбай уулу менен Бейшеналиевдин тиреши: Депутаттык комиссия түзүлдү 

 

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулунун демилгеси менен Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.

Жыйында Коргонбай уулу министр Алымкадыр Бейшеналиевди коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга айыптап, анын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Анын сунушун бир катар депутаттар колдоп, өлкөдөгү саламаттык сактоо тармагындагы абалды сынга алышты.

Комиссиянын курамына төмөндөгү депутаттар кирди:

Жусупбек Коргонбай уулу (комиссиянын төрагасы),

Жалолидин Нурбаев,

Гүлшаркан Култаева,

Шарапаткан Мажитова,

Айсаракан Абдибаева,

Исхак Масалиев,

Султанбай Айжигитов,

Нилуфар Алимжанова.

Эске салсак, 14-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп сындаган.

Андан соң министр депутатты сотко берген. Бул кадамга баруусуна Коргонбай уулу анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргени себеп болгонун билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: