super.kg logo

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарга жол берген мэриянын кызматкери кармалды (сүрөт)

 

Муниципалдык жерлерге коммерциялык объекттерди мыйзамсыз тургузуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде УКМКдан билдиришти.

Маалымдалгандай, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 7-кичи район 41а дарегинде орун алган аянты 0,0921 гектар муниципалдык жерге жеңилдетилген типтеги соода объекттерин мыйзамсыз куруу фактылары аныкталды.

Ага ылайык, сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, анын алкагында Д.М.А. аттуу жаран ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары менен тил табышып, 2017-жылы жеңилдетилген типтеги коммерциялык объекттерди тийиштүү ижара келишими жок жана уруксат берүүчү документтери жок туруп, муниципалдык тилкеге ижарага берүү үчүн мыйзамсыз кургандыгы такталды.

Мындан тышкары, мэриянын кызмат адамдары аталган коммерциялык объекттердин курулушу аяктап, иштегенден 6 жыл өткөндөн соң иштөөсүнө жарым-жартылай мыйзамдуулук берүү максатында "соода-сервистик, оюн-зоок комплексине жана мейманкана номерлери бар кафеге көрктөндүрүү үчүн" функционалдык багыты менен 2023-жылдын июлунда Курулуш жана өз алдынча бирдикке бөлүү укугусуз бир жылга ижара келишимин түзүшкөн.

"Козголгон кылмыш ишинин алкагында чогултулган материалдардын негизинде, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары, аталган соода жайынын ээси Д.М.А. жана анын бизнес өнөктөштөрү Б.А.М., Ж.Ж.М. кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди",-деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: