super.kg logo

Кочкор-Атада атасына болушуп спецназды тепкен баланы ооруканадан чыгарып коюшту (видео)

 

Кочкор-Атада атасына болушуп спецназды тепкен бала учурда жеке клиникада даарыланып жатат. Анын милиция кызматкерлери тарабынан токмоктолуп, ден соолугуна залал келгенине карабай ооруканадан чыгарып коюшкан. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде жогоруда аталган баланын чоң атасы Абдилмурат Нишанкулов билдирди.

"Тергөөчүлөр эч кандай чакыруусу жок эле спецназды жөнөтүп, террористти кармагандай кылып, инимдин колу-бутун кайырып, тепкилип, ур-токмокко алышкан. Муну көргөн баласы атамды эмес, мени урса экен деп келип болушканда, жашы жете элек баланы да сабап салышкан. Ал ооруканага кайрылганда, анын абалына карабай ооруканадан чыгарып коюшат. Бүгүнкү күндө жеке клиникада даарыланып жатат", - деди ал.

Ал сабалган иниси 2 айга камакка алынганын билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Кочкор-Атада орун алган бул окуянын видеосу социалдык тармакка тараган.

Андан кийин облустук милиция маалымат берип, анда Ноокен РИИБине О.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылганын айткан. Ал арызында 4-мартта саат 09:30 чамасында Кочкор-Ата шаарында жеке күзөт кызматынын кызматкерин 6 жаран таш, кирпич, таяк менен чаап, сабаганын айтып, аларга чара көрүүнү суранган.

Милициянын маалматына караганда, шектүүлөрдүн бири 1984-жылы туулган Ноокен районунун тургуну Н.С. аттуу жаран бир нече жолу тергөөгө чакырылып, бирок келбей жүргөн. 27-мартта саат 17:00 чамасында Н.С. милиция тарабынан кармалган. Кармоо учурунда кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын баш ийбегендиктен күч колдонулганы айтылган.

Бул окуядан кийин Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Абитов жана анын орун басары Ильяс Касымбаев кызматтан алынган.

Ал эми бул резонанстуу окуя эки бир туугандын талашынан улам келип чыккан. Маалымдалгандай, бир туугандар базарды 20 жылдан бери биргеликте ачкан базарды талашып, соттошуп келишет.






Кочкор-Атада атасына болушуп спецназды тепкен баланы ооруканадан чыгарып коюшту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: